Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш чара.
2025- жылдын 23-сентябрында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышынын 36 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара “Филология” ПЦКнын окутуучулары менен Жаштар комитетинин биргелешкен аракети менен Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин 2025-2026-окуу жылында кабыл алынган 1-курстун студенттеринин катышуулары менен өткөрүлдү.Окуу жайдын жетекчилиги, бөлүм башчылар, окутуучу агай- эжелер менен 1-курстун студенттери жыйындар залында шыкалып турушту. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Гимни жаңырып, сөз кезеги иш -чараны ачып берүү үчүн Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиевге берилди.Өзүнүн сөзүндө, М.Ы.Шатманалиев мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын кыскача тарыхына жана бүгүнкү мамлекеттик тил мыйзамынын абалына токтолуп өттү. Манас эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, иш-чаранын жүрүшүндө, кыргыз акындарынын тил боюнча ырлары окулуп, улуттук кийим кийген студенттердин чимирилип бийлеген кыргыз бийлери, комузда кол ойнотуп чертилген күүлөр коштолуп турду . Иш-чаранын жыйынтыгында жигердүү катышкан студенттерге “Ыраазычылык кат” жана Мактоо баракчасы дүркүрөгөн кол чабуулар менен тапшырылды.
Жерибиз бүтүн, элибиз аман, кыргыз тилибиз кылымдар бою бар болсун .
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.
Комментарии