Циклдин кыскача тарыхы.1926-жылы 60 орундуу акушеркалардын эки жылдык курстары ачылган. Окуу программасы эки бөлүктөн: жалпы билим берүүчү жана атайын предметтерден турган. 1928-жылы акушердик курстар орто звенодогу медицина жана фармацевтика кызматкерлерин даярдоочу базалык борбор катары фельдшердик-акушердик техникум болуп кайра уюштурулган. 1954-жыл орто звенодогу медициналык кызматкерлерди, езгече акушеркаларды даярдоону кебейтууге карай кескин бурулуш болду. Буга Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1954-жылдын 30-июнундагы No 380 «Орто звенодогу медициналык кызматкерлерди даярдоону жакшыртуу чаралары женундегу» токтому негиз болгон. Токтомго ылайык медициналык окуу жайлары медициналык колледждер болуп кайра түзүлүп, алардын ар биринде акушер-гинекологдорду даярдоочу бөлүмдөр ачылды. 1990-жылдан бери «Акушердик жана гинекология» цикли өз алдынча цикл катары бар.
Стратегиялык максаттар «Акушердик жана гинекология» циклин өздөштүрүүнүн максаты — кесиптик компетенцияларды калыптандыруу, акушердик ишмердикте зарыл болгон кесиптик маанилүү жеке сапаттарды өнүктүрүү. Курстун окутуучулары өздөрүнүн ишмердүүлүгүн студенттердин кош бойлуу аялдарга, төрөткө жана төрөткө кам көрүү боюнча негизги билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө багытташат.Окуу процессинде студент компетенттүүлүктүн алкагында кесипкөй чечимдерди кабыл алышы, түзүлгөн кырдаалды талдап, жалпылоо жана баалоосу керек.
Педагогикалык жамаат: Учурда профессордук-окутуучулук курам 11 мугалимден жана лаборанттан турат.