зордук-зомбулукка каршы күрөшү
“Бүткүл дүйнө жүзү боюнча кыз-келиндерге карата зордук-зомбулукка каршы күрөшү” күнү белгиленди.
Бүгүн, 2025-жылдын 8- ноябрында Бишкек медициналык колледжинин жыйындар залында окуу жайдын “ Акушердик иш” бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери тарабынан уюштурулган иш -чара болуп өттү. Иш-чарага БМКнын директору Ч.С.Усубалиева, директордун орун басарлары, бөлүм башчылар, эже- агайлар катышышты. Конференцияны окуу жайдын жетекчилиги атынан директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Ы.Шатманалиев ачып, зордук-зомбулукка каршы күрөштүн тарыхына, максатына кыскача токтоп өттү.Атайын бул иш -чарага Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын башчысы, милициянын капитаны Л.Б.Байсеитов, участкалык инспектор, милициянын майору Н.Б.Асанбаева, участкалык инспектор, милициянын лейтенанты А.Ж.Эшимов, участкалык инспектор милициянын кенже лейтенанты Ю.О.Никитина, социалдык кызмат көрсөтүү, үй — бүлөнү жана балдарды колдоонун Биринчи май райондук бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Сыдыкбекова менен ушул бөлүмдүн жетектөөчү адиси Ж.Э.Осмоналиева чакырылышты жана бүгүнкү тема боюнча сөз сүйлөп, студенттердин суроолоруна жооп беришти.Конференциянын алкагында студенттер тарабынан даярдалган үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин турмушуна арналган докладдар окулуп, сценкалар коюлуп, суроо-жооп викториналар болду.Жыйынтыктоо сөз менен чыккан Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директору Чолпон Сейтековна Усубалиева келген конокторго ыраазычылык билдирип, коомдун көйгөйүнө айланган маселе боюнча өз оюн билдирип өттү.
Бүгүнкү иш-чараны уюштуруп жана өткөрүүгө жооптуулар директордун тарбия иштери боюнча орун басары Мырзаева А.А. менен “Акушердик иш” бөлүмүнүн башчысы Абылгазиева Л.Б.болушту.
Кыргызстаныбыздын зордук-зомбулуктан тышкары өлкөгө айланышына баарыбыз жапа тырмак аракет кылалы.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.
2025.12.08.Бишкек шаары.
Комментарии