«Тилим менин сыймыгым» аттуу акыл таймаш интеллектуалдык маданий иш-чара
2024-жылдын 4-декабрында А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде Кара-Кыргыз автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата үч айлыктын алкагында тайпалар арасында «Филология» предметтик-циклдик комиссиясы тарабынан «Тилим менин сыймыгым» аттуу акыл таймаш интеллектуалдык маданий иш-чара өткөрүлдү. Акыл таймашта 1-курстун «Медициналык айым иштери» бөлүмүнүн 7-тайпасынын «Насыйкат» жана «Кыз бурак» тобу ат салышышты. Алгач иш-чаранын башталышында, Кара-Кыргыз автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандар А.Сыдыков, И.Айдарбеков, А.Орозбеков, Ж. Абдрахманов, К.Тыныстанов, И. Арабаевдин эмгектерин жаштар арасында кеңири пропагандалоо максатында, эскерүү менен баяндамалар окулду. Иш-чарада көркөм окуу, макал-лакап, жаңылмачтар, ыр конкурсу, акыйнек айтышуу, бий конкурстары жогорку деңгээлде аткарылып, студенттерге логикалык суроолор берилип, тапкычтык менен жооп беришти. Касиеттүү эне тилибиздин уюткусу, көрөңгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз тили эч качан жоголбосун, келечек урпактарга аалам мейкиндигине канат – булак болоруна ишенебиз. Ошондуктан улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутуп, даңазалап, көккө көкөлөтүп туу кылып көтөрүп алалык!
Комментарии