«Лучшая научная работа»
Ийгилик артынан ийгилик жаратылды.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин окуу бөлүмүнүн башчысы Элдан Данилович Данилов өткөн жумада Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарындагы Кумаш Нургалиев атындагы колледжинде өткөн Эл аралык конференцияга катышкан 180 кишинин арасынан 3- даражадагы Диплом жана Сертификат менен сыйланганы жөнүндө кубануу менен кабар айткан элек.
Сыябыздын учу кургай электе, Казахстан Республикасынын борбору Астана шаарында 2025-жылдын 20-февралында илимий-педагогикалык мекемелердин арасында өткөн « Мыкты илимий эмгек» аттуу Эл аралык изилдөөлөр аттуу сынактын l — даражасындагы Диплом жана медаль менен Элдан Данилович Даниловдун сыйланганы тууралуу маалымат, «Казах почтасы» аркылуу атайын бандероль менен 2025-жылдын 6- март күнү Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжине тапшырылды. Катары менен келген мындай жакшы кабар, окуу жайдын жалпы жамаатын кубандырып, жаш окутуучулар үчүн шыктанууга дем берет десек аша чапкандык болбостур. Окуу бөлүмүнүн башчысы, жаш педагог жана илимий чыгармачылык менен алектенип, изденүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенип жаткан Элдан Данилович Даниловго чың ден-соолук, ишине албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.
Ийгилик куттуу болсун,
Калем сап учтуу болсун.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев. Бишкек шаары 2025.03.07.
Комментарии