“Кыргыз ааламы” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү менен катар маданий иш -чара
2024-жылдын 9-декабрында А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде Кара-Кыргыз автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата үч айлыктын алкагында «Фармакология жана латын тили” ПЦКнын окутуучулары “Кыргыз ааламы” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү менен катар маданий иш -чара өткөрүштү. Иш-чараны ОУБдун башчысы, циклдин окутуучусу Р.К.Абасканова ачып, сөз сүйлөдү. Кара-Кыргыз автономия облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандар А.Сыдыков, И.Айдарбеков, А.Орозбеков, Ж. Абдрахманов, К.Тыныстановдордун эмгектерин жаштар арасында кеңири пропагандалоо максатында циклдин окутуучусу Жетибаева В.Т. тарабынан маалыматтар берилди. Иш-чарада окутуучулар тарабынан тилибиз жөнүндө көркөм окуулар, «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарылып, ыр бийлер менен коштолду. ПЦКнын төрайымы Дунай Е.В. өзүнүн 4 жашар уулу менен Манас айтып, катышкандарга зор таасир калтырды.Кыргызстандын өнүгүү процессинде өз салымдарын кошуп кеткен, кыргыз улуттук интеллигенциянынын алдыңкы өкүлдөрү акындары, врачтары жөнүндө сүрөт көргөзмөсүндө кеңири маалыматтар берилген.Кыргыздын улуттук кийимдери жөнүндө окутуучу
А. Искендерова токтолуп кетти. Ошондой эле, кыргыз улуттук буюмдары, зергер буюмдар, улуттук аспаптар, улуттук валюта- акча бирдиги жөнүндө, улуттук оюндар боюнча сүрөт көргөзмөсүндө бай материалдар топтолгон. Иш-чара патриоттук ырларды аткаруу менен жыйынтыкталды.
Комментарии