Круглый стол на тему: «Современные методы преподавания и воспитания студентов в среднем профессиональном учебном заведении медицинского профиля»
Талапка ылайык тегерек стол.
2025-жылдын 15-апрелинде Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде “ Медициналык багыттагы орто кесиптик окуу жайларында студенттерди окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмалары” аттуу Тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун маалыматтык катына ылайык иш-чара “оффлайн” түрүндө өтүп, катышуучулар алдын ала тематикалык баяндамаларын талапка ылайык уюштуруу комитетине көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирбестен жөнөтүштү. Тегерек столго, тогуз медициналык колледжден катышуу үчүн он беш өтүнүч кат түшкөн.
Тегерек столду Кыргызстан медициналык колледждеринин Ассоциациясынын төрагасы Станбаев Өзгөнбай Тиллебаевич куттуктоо сөзү менен ачып, өзүнүн баяндамасынын бет ачарын келген конокторго тартуулады.
Тегерек столдун иши Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директору Чолпон Сейтековна Усубалиеванын катышуучуларга куттуктоо кайрылуусунан кийин баяндамаларды угуу, талкуу жана суроолорго жооп берүү менен тыныгууга чейин жана андан кийин өз ишин улантты. Жыйынтыктоо үчүн сөз алышкан Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары А.О.Байдалиева менен мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Ы.Шатманалиев бүгүнкү өткөн Тегерек столдун “Медициналык багыттагы орто кесиптик окуу жайларында студенттерди окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмалары “ боюнча жасалган баяндамалардын баарысынын актуалдуулугун жана санариптик заманбап технологияларды пайдалануунун натыйжалуулугун баса белгилеп өтүштү. Уюштуруучулар Э.Д.Данилов менен Б.Ө.Өмүрбеков келген катышуучуларга ыраазычылык билдирип, рахмат айтышты.Тегерек столдо баяндама менен чыккан ар бир катышуучуга Сертификат тапшырылды.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.2025-жыл.15-апрель.Бишкек шаары.
Мобилограф — Ибрагимова Айжан @aijanaxxz
Комментарии