ф.и.к. Айнура Кабатай кызынын “Кеп техникасы” жана “Arip-school”баракчасынын негиздөөчүсү К. Кадыркулованын “Кыргыз тили” боюнча колдонмо китептеринин бет ачары
2024-жылдын 11-декабрында И. Арабаев атындагы КМУнун чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институту менен биргеликте уюштурган, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну маалыматтык-методикалык жактан камсыздоо максатында даярдалган И.Арабаев атындагы КМУнун кыргыз тили жана адабиятынын практикасы кафедрасынын доценти п.и.к. К. Ш. Иманакунованын ар түрдүү кесипте окуган студенттер үчүн “Кыргыз тили”, ф.и.к. Айнура Кабатай кызынын “Кеп техникасы” жана “Arip-school”баракчасынын негиздөөчүсү К. Кадыркулованын “Кыргыз тили” боюнча колдонмо китептеринин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д.,профессор С.С.Жумалиев, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен келген атайын өкүлдөр катышып, сөз сүйлөштү.Бет ачар иш-чарасына А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин мамлекеттик тил боюнча адиси С.С.Ибрагимова, кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучулары Г.Ш Осмонова, Ч.Э.Абдылалиевалар катышып, авторлор менен жолугуп ой бөлүшүп келишти.
Комментарии