«Акыл таймаш»сынагы
Тил мыйзамынын 35 жана Кара- Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналат.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КРнын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара -Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 2024- жылдын 10-сентябрынан 10 -декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгын өткөрүү боюнча А.Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин «Медайымдык иш негиздери» ПЦКсы иш-планына ылайык, 2024-жылдын 19- декабрында БМКнын жыйындар залында 1-курстун студенттеринин бөлүмдөр арасында «Акыл таймаш»сынагын өткөрүштү.Сынакка үч команда:
«Медайымдык иш»,
«Акушердик иш»;
«Медайымдык иш» (пилот) катышты. Алып баруучу сынактын калыстар тобун жана сынактын шарты менен тааныштырды. Сынактын шартына ылайык, ар бир команда төрт бөлүктөн турган тапшырманы аткарууга киришүү үчүн, чүчү кулак кармашышты. 1- бөлүк : Мультимедиялык видеоролик аркылуу команда мүчөлөрүнүн тааныштыруу. 1-10 — чейин упай;
2-бөлүк: Теориялык билимди текшерүү максатында марафон түрүндө медициналык суроолорго жооп берүү (10суроо,1-2 упай, жообуна жараша);
3- бөлүк:
Кахут платформасында күч сынашуу.1- орунга 10 упай, 2-орунга 7 упай,3-орунга 5 упай;
4- бөлүк: Студенттердин тажрыйбалык деңгээлин текшерүү.1-10 чейинки упай.
Сынактын алгачкы бөлүгүнүн жүрүшүндө эле, таймаш катуу атаандаштыкта өтөөрү командалардын залда отурган күйөрмандарынын кыйкырык-сүрөөсүнөн билине баштады.1,5 саатка созулган таймашта студенттер алган билимин негизинде, сынактын шартына жараша 1-4- бөлүккө чейинки тапшырмаларды так,туура жана өз убагында аткарууга аракеттенишип жатышты.
Мындай, кыл чайнашкан сынактын жыйынтыгын кара кылды как жарып чыгаруу, калыстар тобу үчүн да бир топ түйшүк жаратты окшойт.
Жыйынтык жарыяланып, командалар топтогон упайларына жараша байгелүү орундарга ээ болушту.Биринчи орунду «Медайымдык иш» (пилот);
Экинчи орунда «Акушердик иш»; үчүнчү орунду «Медайымдык иш » командалары ээлешти. Команда мүчөлөрү окуу жайдын «Ыраазычылык кат» жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Жогорку уюшулгандыкта өткөрүлгөн бул иш-чара Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин кезектеги жетинчи иш -чарасы болду. Жыйынтыктоо сөзү менен окуу жайдын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары М.Ы.Шатманалиев чыгып, тил мыйзамынын 35, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагын өтүп жаткан иш-чаралардын тарыхый маанисине баа берип, сынактын катышуучуларына жана уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.
Тилибиз бар болсун, өлкөбүз өркүндөп өссүн.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.
Комментарии