8 — март Жаз майрамыңыздар менен айымдар!
8 — март Жаз майрамыңыздар менен айымдар!
Бүгүн, 2025- жылдын 7-март күнү себелеген майда жамгырга карабай, гүл көтөргөн эркектер көп экени көзгө көрүнүп, көчөлөргө көрк кошту окшойт.
Дал ушундай шаңдуу, майрамдык маанай Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде таң атканы башталып, окуу жайдын сыйлык боюнча комиссиясынын тыкыр тандоосунан өткөн, эмгектин алдыңкы эжелерин, 8- март Аялдардын эл аралык майрамы жана ак ниет кызматы үчүн Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйлоо аземи болуп өттү!
Сыйлык ээлери атап өтөлү:
-Байдалиева Анара Оморовна — директордун окуу иштери боюнча орун басары;
-Хамидова Зикия Феттаевна -« Химия — фармацевтикалык» ПЦКнын окутуучусу;
-Ишеналиева Рая Ишеналиевна — «Медициналык айым иши « ПЦКнын окутуучусу;
-Тамамбаева София Кокумбаев « Хирургия « ПЦКнын окутуучусу;
-Асаналиева Гульмира Азимжановна — « Терапия « ПЦКнын төрайымы;
-Ибраева Орозкан Мурзаевна « Педиатрия « ПЦКнын окутуучусу;
-Тургунбаева Назгүль Азимжановна — «Филология « ПЦКнын төрайымы.
Сыйлыктар куттуу болсун урматтуу айымдар!!!
Комментарии