Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жалпы жамааты 89 жаш курагында, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эл депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Хашимович Акрамовдун дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды.
Акрамов Эрнст Хашимович, кыргыз медицинасына кызмат өтөөнүн эң мыкты үлгүсү катары, өзүнүн өмүрүн бүтүндөй бойдон сүйгөн кесибине арнап өттү.
Э.Х.Акрамов көзү тирүүсүндө хирургдардын илимий жактан такшалган өзүнүн мектебин негиздеген жана бүгүнкү күндө анын шакирттери устатынын ишин талыкпастан ийгиликтүү улантып, жүздөгөн, миңдеген адамдардын өмүрүн сактоо үчүн күрөшүп келет.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жалпы жамаатынын атынан Эрнст Хашимович Акрамовдун жакындарына, туугандарына жана өзү өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген Чүй облустук бириккен ооруканасынын жалпы жамаатына терең кайгыруу менен орду толгус жоготууну тең бөлүшүп, көңүл айтабыз. Эрнст Хашимович Акрамов агайыбыздын кыргыз медицинасына кошкон ат көтөргүс зор салымы эч качан унутулбайт деген ишенимдебиз. Эрнст Хашимович Акрамовдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, Жараткан Алла Талаа бейиштин төрүнөн орун берсин.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жалпы жамааты.
Комментарии