Циклдин кыскача тарыхы.Буга чейин «Терапия» цикли «Жалпы жардам», «Ички оорулар» клиникалык дисциплиналарынын бир бөлүгү болгон жана сабактарды медициналык мекемелердин дарыгерлери өткөрүшчү. Ал кезде бул предмет жалпы билим берүү бөлүмдөрүндө окутулчу. 1991-жылдан бери бул цикл «Терапия» деп аталат.
Биринчи штаттык окутуучулар: Бочкарева В.М., Субанкулова Т., Сергеева Д., Усубалиева С.У., Нишанова Г., А.
Стратегиялык максаттар «Терапиядагы медайымдык иш» дисциплинасын өздөштүрүүнүн максаты кесиптик компетенцияларды калыптандыруу, медайымдын жана фельдшердик-акушеркалардын ишмердигинде зарыл болгон кесиптик маанилүү жеке сапаттарды өнүктүрүү болуп саналат. Курстун окутуучулары өз ишмердүүлүгүн студенттердин бейтаптарга, алардын анатомиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана курактык аспектидеги ооруларга кам көрүү боюнча негизги билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн алуусу үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө багытташат.Окуу процессинде студент компетенттүүлүктүн алкагында кесипкөй чечимдерди кабыл алышы, түзүлгөн кырдаалды талдап, жалпылоо жана баалоосу керек.