Циклдин кыскача тарыхы.1928-жылдан баштап «Педиатрия» предметинин аталышы алгач «Дени сак жана оорулуу балдарга кам көрүү менен балдардын оорулары» катары изилденип, клиникалык дисциплиналардын курамына киргизилип, медициналык мекемелердин дарыгерлери тарабынан сабактар өткөрүлө баштаган. 1957-1974-жылдары бул предмет балдар жана жалпы билим берүү бөлүмдөрүндө окутулган.
Биринчи штаттык окутуучулар: Бурштейн М., А., Левченко А.К., Антонова Н.И., Кубасова А.Т., Грицаева С.Р., Караханиди С.А., Гриценко. Г.Н., Абдыкадырова Э.А.
1991-жылдан баштап балдардын оорулары предмети педиатрия деп аталды.
Стратегиялык максаттар «Педиатриядагы медайымдык иш» дисциплинасын өздөштүрүүнүн максаты кесиптик компетенцияларды калыптандыруу, медайымдын ишмердигинде зарыл болгон кесиптик маанилүү жеке сапаттарды өнүктүрүү болуп саналат. Курстун окутуучулары өз ишмердүүлүгүн студенттердин балдарга, алардын анатомиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана курактык аспектидеги ооруларга кам көрүү боюнча негизги билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө багытташат.Окуу процессинде студент компетенттүүлүктүн алкагында кесипкөй чечимдерди кабыл алышы, түзүлгөн кырдаалды талдап, жалпылоо жана баалоосу керек.
Педагогикалык жамаат: Учурда профессордук-окутуучулук курам 7 мугалимден жана лаборанттан турат.