Буга чейин «Хирургия» предмети «Бейтаптарды багуу менен хирургиялык оорулар» катары изилденип келген. Учурда ПЦКда «Хирургиядагы медайымдык иш», «ЛОР жана көз оорулары», «Реанимация», «НВМП», «Кырсык медицинасы» предметтери окутулат.
Цикл боюнча 13 мугалим эмгектенет.Циклде практикалык окууга коп кецул бурулат. Сабактар Улуттук хирургиялык борбордун, Улуттук госпиталдын, №1 шаардык клиникалык оорукананын, №3 шаардык балдар ооруканасынын, Россия Федерациясынын Улуттук хирургиялык борборунун клиникалык участокторунда, клиникага чейинки кабинеттерде, Беларусь медициналык борборунун окуу борборунда өткөрүлөт. Студенттерге бейтаптар менен баарлашуу көндүмдөрүн үйрөтүүгө, калкка баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө, өзгөчө кырдаалдарда табигый кырсык медицинасын окутууга өзгөчө маани берилет.