Жаш мугалимдердин жылдык жолугушуусу
2024-жылдын 27-сентябрында окуу-усулдук борбордо жыл сайын өтүүчү Жаш мугалимдер мектебинин окуу жылындагы биринчи отуруму болуп өттү. ОУБнун башчысы Абасканова Р. М. методисттер менен бирдикте: Кармышакова А. Т., Нурбакыт к А., Өмүрбекөв Б. Ө. жана окуу бөлүмүнүн башчысы Данилов Э. Д. БМКнын жаш мугалимдерин колледждин окуу-усулдук жана ченемдик документтери, Кундолук системасындагы иштер жана педагогикалык ишмердүүлүктө колдонулуучу окутуунун интерактивдүү ыкмалары менен тааныштырды. Окууну төмөнкү мугалимдер өткөрүштү: Кылычбекова Э. А., Бекбосунова Ж. Б., Мусалиев Н. С., Жунушева М. К., Чолпонкулов Б. Н., Назарбеков Р. Б., Ермекова Ж. А., Мажикеева Ж. Б., Жолчукеева Э. М.
Жаш мугалимдердин мектеби практикалык усулдук жардам көрсөтүү, БМКнын башталгыч мугалимдеринин ийгиликтүү адаптацияланышы жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү максатында иштейт.
Комментарии