“Ортодонтиядагы заманбап технологиялар жарашыктуу жылмаюга жол ачат.”
2024-жылдын 6-декабрында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин “Ортопедиялык Стоматология” ПЦКнын окутуучулары Назарбеков Ринат Бекжанович менен Калысбеков Нуралы Калысбекович академиялык мобилдүүлүк келишиминин негизинде жана кесиптик чеберчиликти мында ары да өркүндөтүү максатында Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин Стоматология институту, “Тюмень мамлекеттик медициналык университети” Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү мекемеси “, Тюмень облусунун мамлекеттик автономдук “Володя Солдатов атындагы Тоболь медициналык колледжи” менен бирдикте “Келечектин стоматологиясы” аттуу Vl регионалдык эл аралык онлайн илимий -практикалык конференцияга докладдар менен катышышты. Илимий -практикалык конференцияда “Ортопедиядагы заманбап технологиялар” аттуу доклад менен онлайн чыккан Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин” Ортопедиялык Стоматология” ПЦКнын окутуучусу Назарбеков Ринат Бекжанович жана Калысбеков Нуралы Калысбекович сертификат менен сыйланды.Окуу жайдын жаш окутуучусуна чың ден-соолук,ишине ийгилик каалап, эл аралык сынактарга катышып, кесипкөйлүгүн такшалта беришине тилектешпиз.
Комментарии