Жатындын моюнчасынын залал шишиги (рак) жана эмчек безинин шишиги боюнча мастер класс.
2024-жылдын 20- ноябрында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жыйындар залында Чек арасыз врачтар » Аялдын ден соолугу» долбоору менен бирдикте колледждин тажрыйбалык окуу бөлүмүнүн башчысы Акматбекова Динара Акматбековна уюштурган: Жатындын моюнчасынын залал шишиги (рак) жана эмчек безинин шишиги аталыштагы мастер класс- конференциясы болуп өттү. Конференцияга «Аялдын ден соолугу» долбоорунун өкүлдөрү- Швейцариядан келген доктор Андрея, доктор Сессиль, доктор Текс жана долбоор менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагында Чүй облусу боюнча аялдардын ден -соолугуна байкоо жүргүзгөн топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен, Кара-Балта,Токмок медициналык колледждеринен клиникалык предметтердин окутуучулары, Бишкек шаардык клиникалык төрөт үйлөрүнүн насаатчылары ошондой эле Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жетекчилиги, бөлүм башчылары, окуу усулдук борбордун, клиникалык ПЦКнын төрайымдары жана «Акушердик иш» ПЦКнын окутуучулары,3- курстун «Акушердик иш «, «Медайымдык иш» бөлүмдөрүнүн студенттери катышты. Алыскы аймактардагы медициналык колледждердин окутуучулары үчүн» Zoom» платформасы аркылуу конференциянын ишине катышуу мүмкүнчүлүгү да түзүлдү. Белгилүү болгондой, бул долбоордун алкагында автору Д.А.Акматбекова болгон бир тажрыйбалык окуу -усулдук курал, долбоордун өкүлдөрү тарабынан «Стандарттык операциялык процедура» иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жактырылып бекитилди.
Иш-чараны Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директору Чолпон Сейтековна Усубалиева ачып, бүгүнкү теманын Кыргызстанда аялдардын ден соолугун чыңдоо үчүн өтө актуалдуу экендигине токтолуп,конференциянын ишине ийгилик каалап өттү. Конференциянын иши мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жүрдү.
Бул долбоор, Кыргыз Республикасында өз ишин аяктап жаткандыгына байланыштуу, бүгүнкү өткөн иш -чарада көптөгөн талкуулар, каалоо-тилектер айтылды жана долбоордун өкүлдөрү тарабынан Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжине белек катары бүгүнкү күндүн талабына ылайык, заманбап гинекологиялык кресло тапшыруу аземи менен коштолуп, окуу жайдын жетекчилиги долбоорго ыраазычылык билдирип, ийгилик каалап өттү.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев.
Комментарии