“Мамлекеттик тил-улуттук дөөлөт” аталышындагы салтанаттуу иш-чара
2024-жылдын 6-декабрында К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгынын үч айлыгынын алкагында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тил-улуттук дөөлөт” аталышындагы салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны К.Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин директору М.М.Доолотов ачты. Иш-чарада КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук тил комиссиясынын башкы адиси З.Т. Кадырова, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Г.Ү.Ибраимова сөз сүйлөштү.Бул иш-чарага А.Молдогазиев атындагы БМКнын Мамлекеттик тил боюнча адиси Ибрагимова С.С.,кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучулар Абдылалиева Ч.Э., Осмонова Г.Ш. катышышты.. Программа боюнча салттуу эмес ачык сабак,салттуу ачык сабак, “Кылым карыткан кыргызым” аталышындагы интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Иш-чара “Мамлекеттик тил-улуттук дөөлөт”- концерттик программасы менен жыйынтыкталды.
Комментарии