Кыргыз медицинасынын легендасы дүйнө салды.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жалпы жамааты, 97 жаш курагында дүйнөдөн кайткан кыргыз медицинасынын легендасына айланган медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын
Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алып, агайыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына орду толгус жоготууну Сиздер менен тең бөлүшүп, сабыр тилеп, кайрат айтарыбызды билдиребиз. Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжи менен агайыбыз тыгыз чыгармачыл байланышта болуп, окуу жайдын 75,80,85,90 жылдык мааракелерине жигердүү катышып, каалоо-тилектерин, акыл-кеңештерин, насааттарын айтып турганын сыймыктануу менен эскеребиз. Академик М.М.Мамакеевдин кыргыз медицинасына кошкон ат көтөргүс зор салымы эч качан унутулбайт деп терең ишенебиз.
Ардактуу агайыбыз Мамбет Мамакеевич Мамакеевдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, Жараткан Алла Талаа бейиштин төрүнөн орун берсин.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жалпы жамааты.
Комментарии