Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналат.
Жаңы санариптик технолиялардын учурундагы “Бинардык сабак” келечектин талабы.
2024-жылдын 16-октябрында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде “Информатика” сабагынын окутуучусу Данилов Э. Д. жана “Микробиология” сабагынын окутуучусу Кенжебаева Г. И. тарабынан даярдалган “Бинардык сабак” : “Биологиялык жана компьютердик вирустар” темасында ачык болуп өттү. Сабак бийик деңгээлде өтүп, студенттердин активдүүлүгү, темага болгон кызыгуусу көрүнүп турду. Бардык тийешелүү документтер партанын үстүнө коюлуп, тааныштырылды мисалы: силлабус, иштөө программалары, усулдук көрсөтмөлөр жана сунушталган адабияттар. Ачык сабактын жүрүшүндө фантомдор, комьютердик курал-жабдыктар колдонулду.Сабак эки предмет боюнча өтүп, инстаграмда түз эфир аркылуу чагылдырылды.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, эки предмет боюнча ачык сабак өткөн окутуучулар Э.Д.Данилов менен Г.И.Кенжебаева мамлекеттик тилди эркин, кенен кесир пайдалануу аркылуу, татаал терминдердин кыргыз тилинде колдонуунун мазмундук маанисине көңүл бөлүшүп, студенттерге жана ачык сабакка катышууга келген 30дан ашуун окутуучуларга жогорку кесиптик чеберчиликтин үлгүсүн көрсөтө алышты.Мындай “Бинардык сабак” орто кесиптик окуу жайлардын арасында алгачкы жолу, Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинде чоң ийгилик менен өттү десек болот. Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжи Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында алдыга койгон максаттарын аткарууда талыкпай эмгектене берет.
Комментарии