Кадырбекова Замира Кушпаковна
Гүлчамбар
Жашоонун жазылбаган өз мыйзамы бар экенин жана андан эч ким качып кутулбастыгын тирүү адам жанындагы жакыны, тууганы, дос- таанышы капысынан көз алдында кайтыш болгондо сезет окшойбуз…
Айттырбай келген ач ажал,
2024- жылдын 2- октябрында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжин орду толгус чоң жоготууга дуушар кылды.
Жамандыктан эч кабарсыз өз иш ордунда, анатомия сабагын өтүп жаткан кесиптешибиз Кадырбекова Замира Кушпаковна көз ачып жумган убакыттын ичинде акка моюн сунуп, жарык дүйнө менен коштошуп кете берди…Аттиң, бири кем дүйнө деген ушул экен да.
Кадырбекова Замира Кушпаковна 1967- жылы 29-августа Ош шаарында туулган.Орто мектепти ийгиликтүү аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия факультетине тапшырып, 1990- жылы бүтүрүп, врач-педиатр кесибине ээ болгон.
1990-1992-жылдары интернатураны аяктаган .
1992- 1997- жылдар аралыгында КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык клиникалык ооруканасында врач физиотерапевт болуп ийгиликтүү эмгектенген.
2003-жылы Бишкек медициналык училищасына анатомия сабагы боюнча окутуучу болуп кабыл алынган.
2008-2011- жылдар аралыгында биринчи, жогорку категория квалификациясы ыйгарылып, эмгекте мыкты жетишкендиктерди жараткан.
2017- жылы Бишкек медициналык колледжинин “Медайымдык иш” бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Кадырбекова Замира Кушпаковна бөлүм башчы катары студенттер менен жакындан тил табышып, алардын окуудагы жетишкендиктери жана социалдык маселелерин жеринен чечүү боюнча дайым талыкпастан иш алып барган алдыңкы бөлүм башчы болгон.
2020- жылы бөлүм башчылыктан өз каалоосу менен баш тартып, окутуучулук кызматка которулган.
Кадырбекова Замира Кушпаковна, өзүнүн өмүрүнүн 21жылын бүгүнкү Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжине арнап, студенттерге татыктуу билим жана тарбия берүү үчүн жан аябай эмгектенген.
Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан бир нече жолу ыраазычылык каттар, Ардак грамоталар менен сыйланган.
2015-жылы жогорку кесиптиги жана саламаттыкты өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
Эмгек жамаатында, студенттер арасында өзүнүн кесипкөйлүгү, адамгерчилиги, токтоо мүнөзү менен чоң кадыр баркка ээ болгон. Айла жок, ажал улук экен … Артында калган үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Кадырбекова Замира Кушпаковнын жаркын элеси, өзү эмгектенип кеткен жааматында түбөлүккө сакталып калат.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, Жараткан Алла Таала бейиштин төрүнөн орун берсин.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жалпы жамааты.
Комментарии