Бинардык сабак
Жаштарыбыз такшалууда
2025- жылдын 19-мартында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин «Ортопедиялык стоматология» ПЦКнын төрагасы Назарбеков Ринат менен ушул циклдык комиссиянын окутуучусу Аскерканов Намат «Ортопедиялык стоматология» бөлүмүнүн 3-курсунун 2 -группасынын 2- п/группасында «Бюгелдик протез алкактарын (каркасын) куюу аттуу бинардык тажрыйбалык көрсөтмө сабак өтүштү.Сабактын өзгөчөлүгү, бөлүмдүн кесиптигине байланыштуу болуп, 6 сааттык тажрыйбалык сабак эле. Күн мурунтан жарыяланган мындай сабакка катышууга каалагандар көп болду. Жетекчиликтен директордун орун басарлары, бөлүм башчылар, ОУБдүн (УМЦ) усулчулары, ПЦКнын төрага, төрайымдары жана окутуучулук тажрыйба топтоп, сабак өтүүнүн ыкмаларын үйрөнүүгө кызыккан жаш окутуучулар келишти. Окутуучулар
Назарбеков Ринат менен Аскерканов Намат сабакты окуу-усулдук талаптарга ылайык баштап, студенттерге мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин, түшүнүктүү деңгээлде көрсөтүп, өтүп жатышты. Сабак толук түрдө заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган студенттер үчүн тажрыйбалык иш жүргүзүүгө ылайыкталган атайын окуу бөлмөлөрдө өтүлдү. Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин материалдык-техникалык базасы, бүгүнкү заманбап окуу процесстерине шайкеш келиши үчүн жетекчилик тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жасалган.Сабактын жүрүшүндө, этап-этабы менен Бюгелдик протез алкактарын куюуну иш жүзүндө көрүүгө келген көпчүлүк окутуучулар үчүн жаңылык болду. Сабакты
талкууга катышкан жетекчиликтин, ОУБдун усулчулары , тийиштүү ПЦКнын окутуучулары жакшы ой-пикирлерин айтышып жаш окутуучулар Назарбеков Ринат менен Аскерканов Наматка мындан аркы чоң ийгиликтерге каалап өтүштү. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, жогорудагы окутуучулар Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин «Ортопедиялык стоматология» бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнөн болушкан.
Жаш окутуучулар кесиптик ийгилик каалап, талыкпаган эмгек такшалтат демекчибиз.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Ырсалиевич Шатманалиев 2025.03.19 Бишкек ш.
Комментарии