«Баланы бешикке бөлөө»
Белгиленген иш-чаралар уланууда.
2025- жылдын 11- февралында Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин жыйындар залында « Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгын 35 жылдыгына, Кара -Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 2024- жылдын 10-сентябрынан 10- декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгын өткөрүү боюнча иш- чаралардын планына ылайык Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин «Педиатрия» ПЦКсы тарабынан уюштурулган «Баланы бешикке бөлөө» аттуу кыргыз элинин улуттук салтына арналган кезектеги иш-чара болуп өттү. «Педиатрия» ПЦКсынын окутуучуларынын жана уюштуруучу Кыштобаева Гүльнура Шарапидиновнанын иш-чарага жасаган мамилеси, жыйындар залына келген ар бир көрүүчүнүн кызыгуусун арттырып турду.Кыргыздын боз үйүн элестеткен сахнада туш кийиздер тартылып, куш жаздыктар тирелип, салынган жер төшөктөрдө улуттук формачан, ак элечек кийген энелер, жоолукчан келиндер, беш көкүл чач кыздар боз үйдүн көркүнө көрк кошуп, шаңдуу маанай тартуулап жатты.Жаңырган жаңы жылдан бери, жыйындар залы мынча элге толо элек эле.Чакырылган окуу жайдын жетекчилиги, бөлүм башчылар, окуу- усулдук борборунун усулчулары, ПЦКдын төрайымдары, окутуучулар менен студенттерден бут коёрго жер жок тирелип толду. Белгиленген убакытта иш-чара башталып, уюштуруучу Г.Ш.Кыштобаева кыргыз элин «Баланы бешикке салуу» салтынын тарыхына токтолуп, видео тасма аркылуу түшүндүрмө берсе, Умай эне арча түтөтүп, ошол эле учурда төрдөгү энелердин бири бешикке тийиштүү жабдыктарды бешиктин өзүнөн көрсөтүп жатты.Кыргыз элинин кылымдарды карыткан салттуу нарк насили, үрп-адаттары, ырым-жырымдары менен каада -салттары жөнүндө, залда отурган көпчүлүк билбеген «баланы бешикке бөлөө» боюнча эң сонун,толук кандуу видео материалдар жеткиликтүү болду.Иш-чара мыкты уюштурулуп, бир дем менен эч кандай кынтыксыз өттү десек, аша чапкандык болбостур.
Баса белгилей кетчү нерсе, бешиктеги тагылган үч бурчтуу тумардын чечмелөөсүндө, эне тил жөнүндө айтылышына, келгендердин кызыгын туудургандыгында болду. Бул иш-чарада, усулдук жактан предметтик байланыштар, медициналык жактан педиатрлар менен акушерлердин кичинекей наристени кароо, багуу жагынан келечекте эне боло турган Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин студент кыздары үчүн да тарбиялык, тажрыйбалык чоң мааниге ээ болду. «Акушердик иш» бөлүмүн 3- курсунун 4-группасынын студенттери аткарган чакан концерттик программа менен коштолуп, иш-чара жыйынтыкталды.Жыйынтыктоо сөзгө чыккан окуу жайдын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Шатманалиев бүгүн өтүлгөн кезектеги иш-чара боюнча, кыргыз элинин салттуу маданиятына, тарыхы менен тилине байланыштуу, азыркы ааламдашуу процессинде мекенчил болууга үндөп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Тилибиз, маданиятыбыз кылым карыткан, тарыхта каганат курган улуу эл экенибизди эстен чыгарбай, келечектеги муундарга татыктуу таберик катары өткөрүп берүү азыркылардын милдети деп эсептейм.
Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Мырзатай Шатманалиев.
2025-жыл.11- февраль.Бишкек шаары.
Комментарии