15-март аталар күнүнө арналган иш-чара
2025-жылдын 15-мартында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Аталар күнүнө арналган иш-чарага А. Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык клледжинин «Филология» предметик-циклдик комиссиясынын окутуучулары Осмонова Г.Ш., Абдылалиева Ч.Э., Абдырасулова А.К., Юсубалиева М.Т. жана 1-курс «Медициналык айым иши» бөлүмүнүн 1-группасынын студенттери, ошондой эле, 1-курс «Медико- профилактикалык иш» бөлүмүнүн студенттери менен барып катышып келишти. Бул иш-чара 2024-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан «Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлган. Аталган Мыйзамды ишке ашыруу максатында «15-март- Аталар сөзү-Акылдын көзү» деп аталып, бул иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга,апаларга болгон урмат сыйды арттырууга багытталган.
Комментарии