Жаш педагог Алыбаев Адылбек КМШнын «Мыкты педагог -2022» наамын багындырды.

Жаш педагог Алыбаев Адылбек КМШнын «Мыкты педагог -2022» наамын багындырды.

Бишкек медициналык колледжинин коомдук илимдер негиздери циклынын жаш окутуучусу Алыбаев Адылбек Шайлообекович 2022-жылы 28-майында И.Арабаев атындагы КМУда өткөн «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин ll — Эл аралык китеп басмасы «Мыкты педагог — 2022» наамын татыктуу жеңип алды. Алыбаев Адылбек бул сынакка «Заман чакырыгы же окутуучуну ойлонткон көйгөйлөр» аттуу доклад менен эрежеге ылайык онлайн форматта катышты.КМШ өлкөлөрүнөн катышкан талапкерлердин ичинен он алты илимий доклад тандалып финалдык кароодон өтүп, конференцияда мыкты деп таанылып , ll — Эл аралык китеп басмасынын атайын тандалма жыйнагына кирди.Кыргыз Республикасынан катышкан элүү илим изденүүчү жаш окумуштуулардан, бул жыйнакка үч илимий иш катталганын маалымдайбыз. Жыйынтыктоо конференциясы салттуу (офлайн) форматта өтүп , калыстардын чечими менен тандалган жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи шаңдуу маанайда болуп өттү .
Бишкек медициналык колледжинин философия сабагы боюнча окутуучусу , Жаштар комитетинин төрагасы , философия илимдеринин магистри , келечекте көп ийгиликтерден үмүттөндүргөн Алыбаев Адылбек Шайлообековичке чың ден соолук, узун өмүр,ишине ийгилик каалайбыз деп БМКнын жалпы жамаатынын атынан директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары М,Ы,Шатманалиев.2022.28.05.

Жаш педагог Алыбаев Адылбек КМШнын "Мыкты педагог -2022" наамын багындырды. Жаш педагог Алыбаев Адылбек КМШнын "Мыкты педагог -2022" наамын багындырды.